• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара кызматы: Кыргыз-кытай чек арасы жабык бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы жабык бойдон калууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, чек ара бүгүн ачылышы керек болчу. МЧКдан билдиришкендей, Кытай менен болгон чек ара дем алыш күндөрү (ишемби, жекшемби) ар дайым жабык болот. Дүйшөмбү, 3-февралда чек ара ачылабы же жокпу азырынча белгисиз.

"Чек ара ачыла турган болсо кошумча маалымат беребиз", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий