• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда

Коом 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 16-сентябрына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолу транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн ачык.

"Кыргыз тарап Көк-Таш – Аксай жолун асфальттоо иштерин улантууда, Баткен районунун Аксай айылынын Дача жергесинде КР Мамлекекттик чек ара кызматы чек ара постун куруп жатат. Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүнү улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн кыргызстандык чек арачылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү.

МЧК төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы, полковник Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара тарамдарынын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо.

Пикир

Оставить комментарий