• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Коом 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-март саат 22:00дөн тарта, 15-март таңкы саат 06:00гө чейин чектешкен аймакта элдердин топтошкондугу байкалган эмес.

"14-март кечинде "Дача" (КР) аймагында эки тараптуу делегаттардын жолугушуусу болду. Кыргызстан тараптан – Вице-премьер-министр, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Баткен облусунун губернатору, КР ИИМ башчысынын орун басары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ал эми Тажикстан тараптан – Вице-премьер-министр, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Согдий облусунун губернатору, ТРнын ИИМ башчысынын орун басары, Согдий облусунун прокурору, республикалык жана облустук мамкаттоонун өкүлдөрү катышып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча талкуу болгон", - деп айтылат маалыматта.

Делегаттардын эки тараптуу жолугушуусу бүгүн да улантылат.

Исфара-Ворух (ТР) жана Баткен-Лейлек (КР) жолдору азырынча жабык бойдон калууда.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чек арага чектеш жашаган жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ушундай эле жумуштар тажик чек ара кызматкерлери тарабынан Тажикстандын аймагында жүргүзүлүүдө.

"Кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара бөлүмү дагы деле күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий