• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 13-мартында саат 15:30да Кожогар аймагында Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылынын Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу.

"КР менен ТРнын дээрлик 200гө жакын тургуну чек арадан жолугуп, өз ара пикир келишпестиктен улам бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жерине кыргыз-тажик чек арачылары барып, абалды жөнгө салышкан. Саат 18:30да Кыргызстандын жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жаап салган. Ошол эле учурда тажик жарандары Төрт-Көчөдөгү жолду жаап алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми саат 20:30да кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал күчөп, жыйынтыгында тажик жарандары Баткен районунун Ортобоз айылындагы жергиликтүү жашоочунун сарайын өрттөп салышкан.

"Ошондой эле жаңжал учурунда Кыргызстандын бир жараны жараат алып, Баткен районундагы Самаркандек айылында жайгашкан ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматкерлери тарабынан чектеш аймакта жашаган элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, айыл тургундары тарай башташкан.

Эки өлкөнүн тиешелүү органдары жабылган эки жолду ачуу максатында өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий