• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташты

Аймак 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басарынын катышуусу менен жолугушуу өткөрүшүп, делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы тактала элек чек ара тилкелерин аныктаганча баардык иштерди токтотуп туруу чечими кабыл алынган.

Тараптар эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл тарап кеткен.

"Учурда эки тараптан тең топтошкондор болгон жок", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Белгилей кетсек, буга чейин Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен районунун (Баткен облусу) Көк-Таш айылында тактала элек чек ара тилкесинде шарттуу чек ара кеткен чекке жакын жерде Тажикстандын жарандары тосмо тургуза баштаган.

Андан кийин Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, ал жумуштарга каршы экенин билдиришкен. Эки өлкө жарандары ортосунда кайым айтышуу башталган.

Окуя жерине Кыргызстандын чек арачылары барып, Тажикстандын жарандарынан чек аранын такталбаган тилкесиндеги иштерди токтотууну талап кылган. Бирок алар чек арачылардын талаптарын аткаруудан баш тарткан.

Андан кийин, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басарынын катышуусу менен жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий