• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 15-марттан тарта 16-март таңкы саат 06:00гө чейин чектеш аймакта жайгашкан чек арадага элдер топтошкон эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегаттары чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. КРнын вице-премьер министри Жеңиш Разаков, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын, ИИМдин жана райондук, облустук администрациясынын жетекчилери менен биргеликте Баткен облусунда жүрүшөт.

Учурда жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда.

Кыргыз-тажик чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантышууда. Жалпысынан чек арадагы абал туруктуу экендиги кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий