• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу бойдон турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Чек ара кызматы билдиргендей, алар чек арадагы абалды көзөмөлдөп турушат.

"Чыр-чатак болуп кетпеши үчүн талаш-тартыш учурлар чыгышы мүмкүн деген тилкелерде чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Чек ара кызматкерлери Тажикстан менен болгон чек арадагы абалды көзөмөлдөп турушат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий