• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арадагы ок атышуудан каза болгон кыргызстандык сержант Х. Хожиевдин сөөгү Кыргызстанга окуя болгон жердин бийик тоолуу болгонунан улам «Жүк-200» менен Тажикстандын аймагы аркылуу бүгүн, 9-июлда алынып келинет.

КР УКМКнын Чек ара кызматы аскер кызматкери Кыргызстандын аймагында болгон атышуу учурунда курман болгондугун баса белгилейт.

Белгилей кетсек, тажик аскер кызматкерлери УКМК Чек ара кызматынын бир чек арачысын кармап, Тажикстандын аймагына жеткирилген. Аны мекенине кайтаруу маселеси эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө талкууланууда.

Мамлекеттик чек арадагы күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо максатында Башкы штабдын башчысы – КР УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары, полковник Курсанбек Бекташов Баткен облусуна учуп кетти.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Натыйжада кыргызстандык аскер курман болду.

Алдын ала маалыматка караганда, Тажикстан тараптан да каза болгондор жана жараат алгандар бар.

Пикир

Оставить комментарий