• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Жаңжал болгон чек ара айылдарындагы адамдар тарап кетишти.

Чек ара жана милиция кызматынын өкүлдөрү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, абал көзөмөлгө алынган.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Тараптар чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары Кыргызстандагы Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух унаа жолун ачуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 13-март күнү саат 15:30 Кожогар аймагында Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Эки өлкөнүн чек арасында 200гө чукул адам чогулуп, кайым айтышуулардан кийин бири-бирине таш ыргыта баштаган. Окуя жерине эки өлкөнүн чек арачылары келип, чырды токтотуп калышкан.

14-март күнү да чек арада кайра чыр чыккан.

Учурда, маселени чечүү үчүн эки кошуна мамлекеттин бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий