• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Кырсык 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен баайланыш түзүү бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 8-майда КР Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы, полковник Абдикарим Алимбаев менен Тажик Республикасынын чек ара мекемесинин (ведомствосунун) башкы штабынын башчысы генерал-майор Хикматулло Пираков менен телефон аркылуу сүйлөштү.

"Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ок атууну токтотууну жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүүнү сүйлөшүштү", - деп айтылат маалыматта.

Андан кийин Төрт-Көчө жерлигинде Кыргыз Республикасынын Баткен багыты жана Тажик Республикасынын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жолугушууда эки тарап чыр-чатак чыккан аймактан кошумча күчтөрдү алып кетүүнү жана ушул жылдын 10-майында эки өлкөнүн областтык администрация, аймактык күч структуралырынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу өткөрүүнү сүйлөшүштү.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Эске сала кетсек, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы, бир жергиликтүү тургун жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий