• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара кызматы Кыргызстандын аймагында жүргөн тажикстандык чек арачылар боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагында, Баткен облусунун И. Раззаков айылына жакын жерде ээн-эркин басып жүрөт деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"12-апрель күнү саат 15:10дө Тажикстандын чек ара өкүлдөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн болбой калган жолугушуусунан кайтып бара жаткан. Ал жолугушууда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү маселелерин талкуулоо пландалып жаткан. Бирок объективдүү себептер менен жолугушуу 14-апрелге саат 15:00гө жылдырылган. Тажик чек ара өкүлдөрүнүн тобун Тажикстандын Ганчи-Жаббар Расулов тилкеси боюнча чек ара өкүлү баштап бара жатканын белгилеп кетүү керек. Аны менен бирге тажик аскерлеринде курал болгон эмес", - деп билдирет Чек ара кызматы.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн маршруттук жолу кыргыз тарап менен макулдашылган.

Учурда коңшу мамлекеттер менен болгон чек аралардагы абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий