• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек ара кызматы: Ок атышуу 10 мүнөткө токтоду, бирок тажик тарап эки тараптуу макулдашууну кайрадан бузду

Кырсык 0

Бишкек. 28.01.22. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 28-январь, саат 00:20 карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 мүнөткө токтогон. Атышуу токтогон маалда КР президентинин Баткен облусундагы өкүлү А. Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырылган.

"Бирок ошого карабай тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкери жайгашкан тарапка ок атууну токтотпой жатышат. Саат 28-январь, 00:20га карата эки тараптын ааскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма аймагында болуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий