• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара кызматы Тажикстандын ММКларын анык эмес маалымат таратпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тажикстандык массалык маалымдоо каражаттарын (ММК) анык эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.

Мамлекеттик чек ара кызматы тажикстандык маалымат сайтында жарыяланып, башка маалымат агенттиктери тарабынан да берилип жаткан маалымат боюнча кийинкилерди билдирет: жаңжал чыккандан бери чек арадагы Аксай айылы (КР) менен Ворух анклавынын аймагында жергиликтүү тургундар агрессивдүү маанайда болушкан.

Эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн коопсуздугу үчүн тажикстандык мамлекеттик номерлери бар унааларды өткөрүү убактылуу токтотулган.

"16-март күнү Эл аралык Кызыл Крест комитетинин белгиси бар унаалар "Дача" жерине келишкен - ага жакын Аксай айылында жергиликтүү эл тарабынан жол жабылган. Эл аралык уюмдун унааларынын аркасындагы башка унааларда аталган уюмга таандык экенин көрсөткөн белгилери болгон эмес. Аны көргөн Аксай айылынын тургундары нааразы боло баштаган. Абалды курчутпаш үчүн чек арачылар эл аралык уюмдун өкүлдөрүнө жагдайды түшүндүрүп, аны түшүнүү менен кабыл алуусун жана абал турукташуусун күтүүнү суранган. Кыргыз чек арачылары абалды түшүндүргөндөн кийин эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн унаасы артка кайрылып, Тажикстан тарапка кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле чек ара кызматы билдиргендей, ал кабардагы "дагы бир жергиликтүү тургун телефон менен кайрылып, жол жабылганынан улам бир тууганын көмө албай жатканын айтты" деген маалымат туура эмес.

"15-мартта тажик тарап, Исфара шаарынан "Жүк-200дү" Ворух анклавына өткөрүүнү суранганда кыргыз чек арачылары милиция кызматкерлери менен биргеликте маркумду жана аны коштогон Тажикстандын жарандарынын унаасынын өтүшүнө жардам берген", - деп билдирет чек ара кызматы.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстандын ММКларын объективдүү болууга, айың-кептерге ишенбей, туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий