• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара кызматы: Тажикстан менен чектешкен Бешкент айылындагы жоголгон 19 жаштагы эки жигит изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.04.21. /Кабар/. Баткен облусундагы Сай деген тилкеде жоголгон 19 жаштагы эки жигитти издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин интернетте Кыргызстандын эки жараны жоголгондугу тууралуу видео тасма тараган.

«2021-жылдын 24-апрелинде «Кулунду» чек ара бекетинин жетекчисине Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Бешкент айылынын тургунунан 2002-жылы туулган А.Д. жана К.К.у. аттуу уулдары жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жаран алар Лейлек районунун Сай деген тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыктарын кабарлаган», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча маалыматты тактоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

«Тиешелүү органдар тарабынан жоголгон эки жаранды издөө иштери жүргүзүлүүдө. Аталган аймакта абал туруктуу», - деп кошумчалашты УКМКнын Чек ара кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий