• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чек ара кызматы: Тажикстан тараптан чек арага жакын аймакта белгисиз адамдар ок чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кечээ, 1-декабрь, саат 21:15тер чамасында Баткен облусунун Дахме жергесиндеги мамлекеттик чек арага жакын жерде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 ирет ок чыгарды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, мергенчилик мылтыктан ок чыккан.

“Окуяны аныктоо үчүн жерине эки өлкөнүн чек ара заставасынын башчылары барып, ок чыгарган адамдарды издөөгө макулдашты”, - деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча укук коргоо органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маалымдалды.

Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боючна чек ара өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мамлекеттик чек арага жакын аймакта провокацияга жол бербөө боюнча иш-чараны талкуулады.

1-декабрь саат 22:30га карата чек аранын аталган аймагында абал тууруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий