• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара кызматы: Тажикстанда кармалып турган аскер кызматкери Кыргызстанга өткөрүп берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Кырызстан менен Тажикстандын тиешелүү өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкери, прапорщик З. Умаров Кыргызстанга өткөрүп берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, 10-июль, саат 10:00гө карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу.

"20201-жылдын 10-июлунда саат 00:55те прапорщик Умаров "Кайрагач" бекети аркылуу Кыргызстанга жеткирилди. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Натыйжада кыргызстандык аскер курман болду.

Алдын ала маалыматка караганда, Тажикстан тараптан да каза болгондор жана жараат алгандар бар.

Пикир

Оставить комментарий