• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара кызматы: Тажикстандын чек арачылары бир кыргыз аскерин кармап кетишкен

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-июлунда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу учурунда КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын бир аскер кызматкери тажик чек арачылары тарабынан кармалып, Тажикстандын аймагына жеткирилген. Бул тууралуу КР УКМкнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышуу болгон жерде жолугушуп, аталган факты боюнча териштирүү ишерин жүргүзүшүүдө.

КРнын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү К. Төлөнбаев тажик тараптан жаңжал учурунда кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылган.

Азыркы учурда тараптардын сүйлөшүүлөрү уланууда.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Натыйжада кыргызстандык аскер курман болду.

Алдын ала маалыматка караганда, Тажикстан тараптан да каза болгондорн жана жараат алгандар бар.

Пикир

Оставить комментарий