• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Токмок" өткөрмө пунктунда атышуу болдубу? Чек ара кызматынын жообу

Коом 0

Бишкек, 26.01.19 /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" өткөрмө пунктунун аймагында бүгүн ок атышуу же массалык жаңжал болгон жок, деп кабарлады Кыргызстандын чек ара кызматы.

Маалыматка ылайык, 25-январь күнү саат 05:38 өткөрмө пункттун тосмосуна Кыргызстандын жараны келип, аскер кызматкерлерине жардам менен кайрылган. Анын артынан эки адам кууп келе жаткан.

Чек арачылар өткөрмө пункттан чыгып, мушташып жаткандарды арачалап, анан алар тарап кетишкен.

Алдын ала маалымат боюнча, өткөрмө пунктка караган аймакта октун изи калган автоунаалар, ошондой патрондор жана гильзалар табылган эмес, - деп айтылат маалыматта.

"Токмок" өткөрмө пункту штаттык тартипте иш алып барууда, – деп кошумчалады Чек ара кызматы.

Пикир

Оставить комментарий