• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек ара кызматы: Жүктөр үчүн чек аралар ачык. Кыргызстандык жарандар коңшу мамлекеттин аймагына кире албайт

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча жагдайга түшүндүрмө берет.

Казакстан Республикасы боюнча:

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:

- ошону менен бирге Казакстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары өлкөгө келе алышат жана Кыргызстандын аймагындагы Казакстандын жарандары "Ак-Тилек-автожол", "Чоң-Капка-автожол", "Кайыңды-темир жол" өткөрүү жайлары аркылуу Казакстанга чыга алышат.

- кайсы бир өлкөгө транзиттик жол менен Казакстандын аймагы аркылуу өтүүгө Кыргызстандын жана башка өлкөнүн жарандарына убактылуу тыюу салынды.

Жүктөр:

- жүктөр Кыргызстандан Казакстанга жана Казакстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр "Ак-Тилек-автожол" жана "Чоң-Капка-автожол" өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.

"Кайыңды-темир жол" өткөрүү жайы аркылуу темир жол тутуму менен өткөн жүктөр өткөрүлүүдө.

Күн сайын жогоруда аталган өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 500 жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек арадан өтүүдө.

Өзбекстан Республикасы боюнча:

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:

- ошону менен бирге Өзбекстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары Өзбекстандан өлкөгө кире алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын жарандары Өзбекстанга чыга алышат.

Жүктөр:

- жүктөр Кыргызстандан Өзбекстанга жана Өзбекстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр "Достук-автожол", "Кызыл-Кыя-автожол" жана "Кадамжай-автожол" өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.

Күн сайын жогоруда аталган өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 400 жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.

Тажикстан Республикасы боюнча:

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду:

- ошону менен бирге Тажикстандын аймагында калган Кыргызстандын жарандары Тажикстандан өлкөгө келе алышат, ал эми Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын жарандары Тажикстанга чыга алышат.

Жүктөр:

- жүктөр Кыргызстандан Тажикстанга жана Тажикстандан Кыргызстанга, ошондой эле транзиттик жүктөр өткөрүү жайлары аркылуу эки багытка тең бирдей эч кандай чектөөсүз өткөрүлүүдө.

Күн сайын өткөрүү жайлары аркылуу айыл чарба азык-түлүгүн, тамак-ашты, эл керектөөчү товарларды жүктөгөн болжол менен 50дөн ашык жүк ташуучу транспорт каражаты мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө.

Кытай Эл Республикасы боюнча:

-кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары убактылуу жабык, адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлгөн жок.

Аба каттамдары боюнча маанилүү маалымат:

Республиканын калкынын саламаттыгын сактоону камсыздоо максатында 2020-жылдын 20-мартында саат 00.00дөн баштап Бишкекке/Бишкектен жана Ошко/Оштон бардык эл аралык аба каттамдары токтотулду.

Бирок жүк жашуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу айрым аба каттамдар каттайт:

- Москва–Бишкек – жумасына 1 жолу;

- Москва–Ош – жумасына 1 жолу;

- Новосибирск–Бишкек – жумасына бир жолу.

Эскертүү:

Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө чыгуучу жалпы жарандык паспорт менен гана мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын бардык периметринде жагдай туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий