• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек ара кызматы жарандардан аскердик техникалардын жайгашкан жерин чагылдырбоону өтүнөт

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы кыргызстандыктардан аскердик техникалардын жайгашкан жерин чагылдырбоону өтүнөт.
Чек ара кызматы Баткендеги абал боюнча маалымат таратууда жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

“Айрыкча аскерлер жана аскердик техникалардын жайгашкан жерлерин, алардын жылып жүрүүсүн чагылдырбоону өтүнөбүз. Учурда Чек ара кызматы жана башка түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда жана түзүлгөн кырдаалды тезирээк чечүү аракетин көрүүдө. Башка учурда болсо мейли, бирок ушундай оңой эмес кырдаалда айрым блогер, журналисттердин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн дараметинен күмөн санаган (кыргыз аскерлеринин унааларында бензин жок калыптыр деген сыяктуу) пост, билдирүүлөрдү чыгарып жатканы өкүндүрөт. Анткени бул жалган жана чагымчыл маалымат. Кыргыз жоокерлери материалдык-техникалык жактан толук камсыздалган”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз тарапта тажик тараптын агрессиясына жараша жооп бергенге аскердик да, курал жарак, техникалык да күчтөрү жетиштүү.

“Ошондой эле сиздерден такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранабыз”, - деп жазылат кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).

Пикир

Оставить комментарий