• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара кызматынын директору жарандарга Баткендеги посттор боюнча түшүндүрмө берди — Алимбаев

Аймак 0


Бишкек, 28.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана бир катар тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү Баткен районунун чек ара аймактарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Облус башчысы эки күндөн бери жергиликтүү тургундар менен жолугушуу болуп жатканын айтты.

“Бир канча маселелер бар: коопсуздук, талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү, иштебей жаткан мектептер. Бүгүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда беш саатка созулган жолугушуу болду. УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жарандарга ар бир пост боюнча түшүндүрмө берди”, - дейт ал.

Алимбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев элдин топтолушу боюнча кабардан экенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий