• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара кызматынын фельдшери: Алган сыйлыгым жагымдуу күтүлбөстүк болду

Коом 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Сыйлык алгандардын катарында Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024 аскер бөлүгүнүн медициналык пунктунун фельдшери Бусайра Максүтова бар.

Анын айтымында, алардын аскер бөлүгүндө да коронавирус жуктуруп алгандар болду.

"Тилекке каршы коронавирус бизди да четтеп өткөн жок. Аскерлер арасында коронавирус жуктургандар болду. Бактыга жараша каза болгондор болгон жок. Кызматкерлер арасында ооруну жуктуруп алгандар аныкталганда биз обсервация ачып, ал жакта байланышта болгондорду кармап жаттык. Уюшкан иштин аркасы менен биздин аскер бөлүктө коронавирустун жайылышын токтоттук. Бүгүнкү күнү ооругандар жок", - дейт ал.

Президенттен алган ардак грамота тууралуу айтып жатып, ал күтүлбөгөн нерсе болгонун билдирди.

"Президенттен сыйлык алганыма кубанычтамын. Ал нерсе көңүл көтөрүп, кошумча күч берди", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий