• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чек ара кызматынын төрагасы кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдын себебин атады

Коом 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдын себебин атады.

Шаршеев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдиргендей, эки күн бою ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүргөн. Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери да жолуккан.

"Биз бир пикирге келдик, башкача айтканда, 14-сентябрга чейинки абалга кайтуу боюнча эки тараптуу чечимге келдик", - дейт ал.

Андан тышкары, Шаршеев кошумчалагандай, эки тарап ынтымакты бекемдөө боюнча массалык спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча бир чечимге келишкен.

Ал билдиргендей, жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Андан кийин кыргыз тарап да курулуш иштерин баштаган.

"Бул маселе боюнча да бир пикирге келдик. Курулуш иштери токтотулду. Эгерде кандайдыр бир иш-чара болсо, анда эки тарап макулдашат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Жыйынтыгында кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып (7 аскер, 6 тургун), 1 аскер кызматкери көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий