• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти.

УКМКдан билдиришкендей, 29-апрель саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар.

Ошондой эле учурда мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери кыргыз тарабынан кадимки тартипте иштөөдө.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы күч структураларынын бөлүктөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти.

Чек арачылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатышат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин чек арада келип чыккан көйгөйлүү маселелерди эл аралык укуктун жана жетишилген эки тараптуу келишимдердин алкагында сүйлөшүү столунда чечүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган. Алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий