• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чек ара маселеси. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралууда – Марипов

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда билдирди.

Марипов Баткенде чек ара маселеси абдан оор экендигин белгиледи.

"Өкмөт болгон күч аракетин жумшайт. Чек арада жашаган биздин жарандарыбыздын ар бирин баатыр деп эсептеймин. Ошондуктан биз жарандарыбызга жардам берүү, инфраструктура жана башка маселелерди карап жатабыз. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жагы каралып жатат. Жаңы дайындалган Өмүрбек Суваналиев дагы бир топ сунуштарын даярдоодо. Ал боюнча пикир алмаштык. Жакын арада бул маселелерди чече баштайбыз", - дейт премьер.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-февралда Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий