• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чек ара маселеси: Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектөөдө.

Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар.

"Вице-премьер-министр, ошондой эле кыргызстандык делегациянын мүчөлөрү чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрүшөт", - деп билдиришти өкмөттөн.

Пикир

Оставить комментарий