• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара маселелери: DW кыргыз жана тажик журналисттеринин арасында сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Deutsche Welle Akademie Чек ара аймактарындагы маселелерди чагылдырууну жакшыртуу боюнча долбоордун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын журналисттеринин арасында чек ара аймагындагы маселени чагылдырган мыкты материал боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу journalist.kg сайты жазат.

Сынакка аталган эки өлкөнүн журналисттери катыша алат. Чек ара маселеси боюнча даярдалган материалдар кыргыз, тажик же орус тилинде болууга тийиш.

Белгилей кетсек, сынакка ушул жылдын 1-февралынан тартып 20-октябрына чейин жарыяланган материалдар катыша алат.

Сынактын шарттары боюнча маалыматты journalist.kg сайтынан билүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий