• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара, мектеп, кендер: Чоң-Алайдын тургундары дагы кайсы маселени чечип берүүнү суранышты

Аймак 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева 26-27-апрелде Чоң-Алай районунда иш-сапары менен болушту.

Бул иш-сапар жергиликтүү активисттердин депутаты Рыскелди Момбековго Чоң-Алай районуна келип, жергиликтүү элдин жашоо-шартын көрүп кетсеңиз деген кайрылууларынын негизинде уюштурулган.

Адегенде эле депутаттар чек арадагы, эң алыскы калктуу конуштардын бири Карамык айылына барышты. Тажикстандын Жерге-Тал өрөөнү менен чектешкен чек ара тозотуна болушуп, коңшу Тажикстан менен талаш болуп жаткан, кыргыздар ата-бабаларынан бери эле жайлап келген жайлоолорду өз көздөрү менен көрүштү.

Карамыктын эли менен болгон жолугушууда да мына ушул чек ара маселеси жергиликтүү эл тарабынан кабыргасынан коюлду. Эмне үчүн өзүбүздүн жерди четинен кертип, өзгө элге өткөрүп бере беребиз деген суроо коюшту. Дал ушул чек ара маселесин чечип берүүнү депутаттардан талап кылышты.

Мындан тышкары эл менен болгон жолугушууда таза суунун жоктугу, сугат сууларынын тартыштыгы, каналдардын өз убагында тазаланбаганы, ал эми жаңыларын куруу жайбаракат жүрүп жатканы айтылды.

Депутаттардын кийинки эл менен жолугушуусу Дароот-Коргон айылында өтүп, анда да чек ара маселеси менен бирге бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечип берүү боюнча өтүнүчтөр айтылды. Ошону менен бирге эле, кытайлык «Кайди» компаниясынын иш-аракеттерин териштирип, анын пайда-зыянын аныктап берүүнү жергиликтүү элдин өкүлдөрү талап кылышты. Экологияны бузуп, элге пайдасы тийбеген ишкананын эмне кереги бар деген собол ташташты.

Ал эми Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы негизги көйгөй, жарактан чыгып калган мектеп. Эскилиги жеткен бул мектепте балдарды окутууга болбойт деген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аныктамасы чыкканына эле бир топ убакыт болгон.

Башка балдарды окута турган жердин жогунан эле аргасыз ушул мектепте окуп жатышкан. Айылдыктарды кыжаалат кылган экинчи бир маселе иче турган таза суунун жоктугу. Мына ушул эки жагдай боюнча депутат Рыскелди Момбеков бүтүрүп берүүнүн аракетин кылмай болду.

Депутаттар Сурабалдиева менен Акаев болсо, Кашат айылынын тургундары менен жолугушуп, айылдыктар тарабынан айтылган социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштей тургандыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий