• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара режимин бузган Молдованын эки жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13-февралында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Көпүрө жергесинде чек арачылар мамлекеттик чек аранын режимин бузгандыгы үчүн Молдованын эки жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара (МЧК) кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чек арадан 50 метрлик аралыкта чек ара кезмети 1976-ж.т., Ю.П., жана 1969-ж.т., А.Ш., атту жарандар кармалды.

Кармалгандардын айтуусунда алар Өзбекистан аймагына кирүү жолун издеп жүрүшкөн. Молдованын жарандары Кыргызстанга Тажикистандан 2017-жылдын апрелинде келишкен. Сурамжылоо маалында молдовандыктардын КРнын аймагында каттоо мөөнөтү 2018-жылдын январь айында бүткөндүктөн, учурда алар Кыргызстанда мыйзамсыз жүрүшкөндүгу белгилүү болду.

Тиешелүү документтер толтурулган соң чет өлкөнү жарандары УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий