• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек ара, “Sputnik V” жана кызматташуу. Жапаровдун Россияга иш сапарынын күңгөй-тескейи

Аналитика 0

Президент Садыр Жапаров 24-25-майда Сочи шаарына иш сапары менен барып келди. Ал жерде өлкө башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрүп, бир катар маселелер талкууланган. Бул сапар үстүбүздөгү жылдын 10-майындагы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды өөрчүтүү максатында болгон.

Кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы, аны менен бирге интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Ошондой эле регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек аралаш айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын кеңири талкуулашты.

undefined

Жолугушуу учурунда Владимир Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер бекемделип, өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

“Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турат. Тилекке каршы, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен соода бир топ төмөндөдү. Бирок үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 6%га жогорулаганын байкадык. Мындай жакшы тенденцияны активдүү иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиянын жардамы менен сактап калуубуз кажет. Биз ошондой эле пандемияга каршы өз ара байланышып, күрөшүп жатабыз. Россия Кыргызстанга тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөп жатат. Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат”, - деген ал.

Саясий серепчи Бакыт Орунбеков сапар тууралуу өз пикирин билдирип жатып, “Sputnik V” Кыргызстанда өндүрүлө турган болсо, анда мындан ары биздин өлкө коронавируска каршы вакцинаны бир гана Россиядан алып калышы мүмкүн экендигин айтты.

“Дүйнөдө вакциналардын жарышы болууда. Кайсы мамлекеттин вакцинасы канча өлкөдө сатылып жатат же колдонулуп жатканы маанилүү. Бул гуманитардык-социалдык маселе болгону менен саясий өңүткө бурулуп кетти. Россия вакцинасын Кыргызстанга сатууга, жардам катары берүүгө, керек болсо, биздин өлкөдө өндүрүүгө кызыкдар экендиги белгилүү болду. Бул деген Кыргызстан жакынкы мезгилде жарандарын бир гана россиялык вакцина менен эмдеп калышы толук ыктымал дегенди билдирет”, - дейт Орунбеков.

Бирок Кыргызстанга ушуга чейин 150 миң даана кытайлык вакцина жеткирилип, элди эмдөө процесси жүрүп жатканын унутпаш керек. Анын үстүнө Кытай мындан ары да Кыргызстанга пандемия менен күрөшкөнгө кол-кабыл кылаарын жарыялаган.

Мындан сырткары, Путин Россия кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл коюп, өтө тынчсыздануу менен байкап тургандыгын баса белгиледи.

“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын ушул сыяктуу бардык талаштуу маселелерин чечүү ниеттерин оң кабылдадык. Максатка дал ушул жол менен жетүүгө болот деп ишенем. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек”, - деп айткан Путин.

undefined

Ал эми Жапаров Кыргызстан Россия менен диалогду мындан ары да өнүктүрүүнү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөй тургандыгын билдирди. Аны менен бирге Россияга коронавирус инфекциясы пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөткөндүгү үчүн да өзгөчө ыраазычылыгын айтты.

undefined

Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатактан кийин Борбор Азиядагы абал кескин начарлады.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырында Москва Тажикстан тарапта болду деген пикирлер айтылды. Бул өз кезегинде Кыргызстанды Евразиялык интеграцияга карай өнүгүүсүнүн тандалган тышкы саясий багытына болгон ишенимди бир топ жоготту. Башкача айтканда, мында Бишкекте туура эле түшүнбөөчүлүк болду. Бирок кооптонуу текке кетти, анткени Жапаров менен Путиндин жолугушуусунун демилгечиси Россия тарап болгон. Россия чек ара жаңжалы боюнча өзүнүн көз карашын так билдирип, аны жөнгө салууга даяр экенин айтты”, - деген пикирде Акималиев.

Мурдагы депутаттын айтуусунда, Россиянын президенти тараптарды түзүлгөн маселелерди дипломатия жолу менен гана чечүүгө чакырды.

“Жолугушуунун жыйынтыгынын расмий маалыматына таяна турган болсок, Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаш маселелерди чечүүгө даяр экенин билдирди. Эки өлкөнүн президенти актуалдуу маселелерди бетме-бет талкуулап, кыязы, бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү болгон өз ара түшүнүүгө келишти”, - деди Акималиев.

Саясат таануучу Марс Сариев Москва Борбор Азиядагы абалды турукташтырууга ынтызар экенин белгиледи.

“Путин Кыргызстандын көз карашын укту. Белгилүү болгондой, буга чейин Эмомали Рахмон Москвага барган, Путинде буга байланыштуу суроолор жаралган. Ошондуктан Россия өзүнүн түштүк чек араларындагы абалды турукташтырууга ынтызар деп эсептейм. Афганистанда америкалык аскерлердин чыгып кетүүсүнө байланыштуу абал татаалдашып баратат. Чоң пункт – Баграм авиабазасы буга чейин толугу менен бошотулган, эми Фарьяб провинциясында өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн акыркы чекитти Талибан басып алганы тууралуу маалымат келип жатат. Абал курчуп, бийликке талибдер келе турганы түшүнүктүү, бул түштүк чек араларына коркунуч туудурат”, - деп маалымдады ал.

Сариевдин сөзүнө караганда, Сочидеги жолугушуунун негизги максаты так ушул сыяктуу чыр-чатактардын алдын алуу, ЖККУнун мыйзамдарын кайрадан карап чыгуу жана Кыргызстандын Тажикстан менен мамилесин шайкеш келтирүү зарылдыгы болгон, анткени Россия буга баарынан кызыкдар.

“Аскердик көз караштан алганда Россия Тажикстанды баскынчылыктан коргонуунун биринчи сабы, ал эми Кыргызстанды экинчи коргонуу линиясы катары кабыл алары түшүнүктүү. Андан ары Казакстан, кийин Россияга түз коркунуч туулат. Ошондуктан, албетте Россия абалды турукташтырууга кызыкдар болот. Ошондой эле экономикалык мүнөздөгү маселелер, Кыргызстанга жардам көрсөтүү, ЕАЭБ жана ШКУнун алкагында өз ара аракеттер каралды. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин ЖККУ жана ЕАЭБге жетекчилик кылган өлкө катары Россиянын дагы рейтинги түшүп кетти”, - дейт эксперт.

Ошондуктан ал Москва өзүнүн кадыр-баркын калыбына келтириши керек болгон деп эсептейт.

“Кеп ЖМКларда уюмду катуу сынга алуу жүрүп, түрк биримдигин жандандыруунун зарылдыгы тууралуу айтылып жатканында болуп жатат. Албетте, бул Москваны тынчсыздандырат, ошондуктан Путиндин Сочиге чакыруусу ушуга байланыштуу болду деп эсептейм. Москва мамилелерди тең салмактап, түштүк чек арадагы абалды турукташтыруу үчүн өзүнүн имиджин нормалдаштыргысы келди”, - деп кошумчалады саясат таануучу.

Саясий серепчи Бакыт Орунбековдун баамында, Россия Кыргызстан менен байланышынын үзүлүп калышынан чочулап, шектене турган жөнү жок, тескерисинче, Кыргызстан ал өлкөнүн жардамына, көмөгүнө кызыкдар.

“Жолугушуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени өлкөнүн саясий, экономикалык, гуманитардык тармагы Россия менен байланыштуу. Ошондой эле бир нече уюмдарда чогуубуз. Эки мамлекет тең бири-бирин стратегиялык өнөктөш катары эсептейт. Экономикалык жагынан алганда, биз негизги товарларды, айталы, газ, мунай, курулуш материалдарын алып турабыз. Дагы бир маанилүү жагдай, Россияда 1 миллионго жакын мекендешибиз иштеп жүрөт. Мекендештерибиз үчүн ал өлкөдө укуктук жактан шарттардын түзүлүп жатканын унутпашыбыз керек”, - деди саясий серепчи.

Орунбеков ЖККУнун алкагында Россия Кыргызстанга ар кандай деңгээлдеги жардамды көрсөтүү менен бирге өз таасирин күчөтүп коюушу мүмкүн деген ойдо.

“Аткени кыргыз-тажик чек арасындагы окуя жалпы Борбор Азия аймагына тиешелүү көйгөйдүн өзөктүү жери. Себеби бул аймактарда чек арадан башка улуттар аралык мамиле боюнча маселелер бар. Ошондой эле Афганистандан НАТОнун аскерлеринин чыгарылышы Россияны да ойлондуруп жатат. Учурдан пайдаланып Россия өз таасирин мурдагыдан да күчөтүү аракетин көрүүдө. Ошондуктан Тажикстандын президенти менен жолугуп, позицияны тактап алды. Путин Садыр Жапаровду дагы Сочиге ошол позицияны тактап жана бекемдеп алыш үчүн чакырды. Анткени жолугушууга Россия тарап өзү демилгечи болбодубу. Жолугушуунун мааниси ошондо”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Орунбеков.

“Кабар” МАБ

Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий