• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара: Тараптардын жолугушуусу үчүн ок атпоо келишими түзүлдү, бирок тажик тарап аны аткарбай жатат

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-сентябры саат 10:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин колбашчысы Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү.

Бирок, тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, саат 8:30дан баштап КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.

Пикир

Оставить комментарий