• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек ара жаңжалынан жабыркаган 136 турак үй сентябрга чейин курулуп бүткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 136 турак үй ушул жылдын сентябрь айына чейин курулуп бүтүүсү керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 220 объект талкаланган. Анын ичинен 136 турак үй, 84 объект жабыркаган.

“Жардам берем деген курулуш компаниялар бардык шарты бар турак үй салып берүүнү билдиришкен. Алар салына турган үйлөрдүн аянты 100 чарчы метрден кем болбошу керектигин айтып жатышат. Учурда ал үйлөрдүн курулушу боюнча башкы план иштелип жатат”, - дейт ал.

Шамырканов Баткен облусунда жабыркаган 52 турак үйдүн орду тазаланганын белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

Пикир

Оставить комментарий