• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арачылар аскер кызматкеринин сөөгүн тапты. Ал дайынсыз жоголгон Дастан Анарбеков болушу мүмкүн

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары бронежилет кийген аскер кызматкеринин сөөгүн тапты. Ал дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбеков болушу мүмкүн. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, денесинин 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан, анын өздүгүн дароо аныктоо мүмкүн болгон эмес.

“Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады”, - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында керектүү материалдар генетикалык-экспертиза - ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга жөнөтүү үчүн даярдалды.

ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Д.Анарбековду издөө иш-аракети улантылат.

Эскерте кетсек, 14-сентябрдан 17-сентябрга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуулардын кесепетинен 62 кыргызстандык набыт болуп, бир адам дайынсыз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий