• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арачылар Казакстандан аткезчилик товар ташыган жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.17. /Кабар/. “Чалдыбар-унаа-жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында Казакстандан Кыргызстанга аткезчилик товар алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа менен Казакстандан “Чалдыбар-унаа-жолу” өткөрмө жайына келген (КР).

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 15 тоннаны түзгөн жаш балдардын тамак-аш азыктары чыккан. Бирок, айдоочуда тиешелүү документтер болгон эмес.

Тиешелүү материалдар топтогондон кийин кармалган жаран менен андан алынган жүк Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий