• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арачылар КР жаранынын 200 баштан ашык жандыгын кайтарып берүүгө жардам беришти

Коом 0


Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын жаранынын 200 баштан ашык майда жандыгын кайтарып берүүгө жардам беришти. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 24-февралда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Тенги айылынын жашоочусу С.Т. талаага жаюу учурунда Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен майда жандыктарын кайтарып берүү өтүнүчү менен чек арачыларга кайрылган.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында 265 баш майда жандык кыргызстандык жаранга кайтарылып берилген.

Майда жандыктын ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анда мамлекеттик чек аранын аймагына мал кайтаруунун бардык талаптары тууралуу маалымат берилди.

КР УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арада көйгөйлөр жаралган учурда мыйзам чегинде чечүү үчүн КР УКМКнын Чек ара кызматынын жакынкы бөлумүнө кайрылууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий