• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чек арачылар кыргызстандыктын Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен малын кайтарып беришти

Коом 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын жаранынын малын кайтарып беришти. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жан ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Жаңы-Шаар айылынын жашоочусу И.М. талаага жаюу учурунда Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен майда жандык малын кайтарып берүүгө жардам берүү өтүнүчү менен чек арачыларга кайрылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын натыйжасында 65 жаш жандык мал Кыргызстандын жаранына кайтарылган.

Малдын ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага мамлекеттик чек арага жакын жерде малды талаага жаюунун эрежеси тууралуу талаптар айтылды.

УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арада ушул сыяктуу көйгөйлөр жаралган учурда улуттук мыйзамдын алкагында чечүү үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын жакынкы бөлумдөрүнө кайрылууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий