• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек арада 25 жаштагы тууганынын паспортун көрсөткөн 57 жаштагы өзбек жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. “Чечме автоунаа жолу” көзөмөл өткөрмө пунктунда чек арачылар бөтөн паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын комчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өзбекстандын 1961-жылы тууулган Ж.З. аттуу жараны көзөмөл жайынан өтүп жатып 1993-жылы туулган А.З,. аттуу тууганынын паспортун көрсөткөн.

Документти текшере келгенде ал сүрөттөгү адамдан жашы кыйла улуу экенин көрүнгөн. Сурак учурунда ал башка бирөөнүн паспортун көрсөткөнүн мойнуна алган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий