• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чек арада аң казуу жана тосмо куруу аракети. Баткен жана Согди облусунун башчылары сүйлөштү

Аймак 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-августунда КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери (тосмо) боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, натыйжада Лейлек районунун Катта Туз участкасындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Лейлек районунун Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң кайрадан толтурулду.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселелер жана чек арадагы орун алган окуяларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий