• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арада Кытайдан келген аткезчилик жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. “Манас“ бажысынан аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүн төлөбөй койгон факты аныкталды.

Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 24-мартта “Манас“ бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери “А.Т.” ЖЧКсы тарабынан КРнын аймагына Кытайдан радиоблокторду ташууда ЕЭАБдин бажы мыйзамын бузуу фактысын аныктады.

Төлөнүүчү жана төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 190 428,13 сомду түзөт. Бул факт боюнча материалдар КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына маселени КР кылмыш мыйзамына ылайык чечүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий