• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арада тажикстандык жаран жасалма паспорт менен кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. 1-февраль күнү Баткен облусундагы "Кызыл-Бел - унаа жолу" көзөмөл-өткөрмө жайында Тажикстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын 38 жаштагы Ш.М. аттуу жараны паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатып көрсөткөн паспортундагы сүрөттөгү адам башка болгон. Атайын текшерүү жүргүзүлүп, паспорт жасалма экени аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран укук коргоо органдарынан кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий