• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек арада жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кандай текшерүүдөн өтүүдө? Министрдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Чек арада жүк ташуучу унаалардын айдоочулары алгоритмге ылайык текшерилүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, алгач айдоочулардын дене табы текшерилип, андан соң экспресс-тесттен өтүүдө.

"Эгер тесттин жыйынтыгы таза көрсөтүп жатса, анда айдоочулар коё берилет. Тесттин жыйынтыгында коронавирус аныкталса, анда ПЧР тест алынат. ПЧР тестинин жообу чыкканга чейин айдоочулар обсервацияда болот. Жүргүзүлгөн тестте илдет байкалса айдоочу дарыланууга жиберилет жана байланышта болгон адамдар аныкталат", - дейт ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 9 жаңы учуру катталып, жалпы 665 учурга жетти. Стационарда 312 адам жатат, алардын ичинен реанимацияда – 6. Ал эми 345 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий