• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чек арадагы абал боюнча Баткен жана Согдий облустарынын жетекчилери жолугат

Аймак 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Акыркы үч күн ичиндеги чек арадагы окуяларга байланыштуу бүгүн, 18-декабрда саат 16:00дө Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын башчыларынын жолугушуусу күтүлүүдө. Акрам Мадумаров менен Раджоббой Ахмадзода чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү эл арасында чыгып жаткан турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу жолдорун сүйлөшүшөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Учурда чек ара аймактарында абал турукташты. Бүгүн, 18-декабрда эртең менен орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнгө салынды. Жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрү тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тийиштүү иш-аракеттерди көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий