• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арадагы абал. Көзүнөн жараат алган кыргызстандыктын абалы оор

Ден соолук 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Баткенде оң көзүнөн жараат алган кыргызстандыктын абалы оор. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя болгон жерде тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөттө турат.

“Жараат алган 4 жарандын бирөө амбулатордук дарыланууга жиберилди. Экөө Самаркендектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жаткырылган, алардын абалы туруктуу. Бирөөнүн мээси чайкалган, экинчисинин колу сынган. Ал эми Лейлектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы октон көзүнө жараат алган адамдын абалы оор болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган. Алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар экендиги айтылат. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Пикир

Оставить комментарий