• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чек арадагы абал курч бойдон калууда. Уларбек Шаршеев сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетти

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. 2021-жылы 1-май саат 15:00го карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Коңшу тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чек арадан чыгарып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузуу менен, аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен чек ара тилкесине алып келүүнү улантууда.

Баткен районунун Көк-Таш калктуу пунктунун аймагында тажик тарап өтүп бара жаткан транспорт каражаттарын мезгил-мезгили менен аткылоодо.

13:35те КР УКМКнын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев ТР өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетти.

Пикир

Оставить комментарий