• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы абал: Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Баткен облусунун башчысынын буйругуна ылайык, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Эскерте кетсек, 28-апрелде кечинде Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган. Алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар экендиги айтылат. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин жана эки тараптын облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кырдаалды Баткен жана Согди облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий