• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Абалды жөнгө салуу максатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде чыккан чырды жөнгө салуу жана абалды стабилдештирүү максатында КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жерине жөнөп кетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-декабрь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында тактала элек чек ара тилкесинде тажик жарандары Кыргызстандын жаранын сабап кетишкен. Жабыркаган жаран облустук ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда кайым айтышуу башталып, бири-бирине таш ыргыта башташкан.

Чырды жөнгө салуу максатында жерине эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, облустук администрациянын жетекчилери жана тартип сакчылар келген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде жолугушууларды жүргүзүүдө.

Андан тышкары, КРнын Башкы штабынын жетекчиси - Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев менен Тажик Республикасынын Башкы штабынын жетекчиси - УКМКнын кол башчысынын биринчи орун басары Хикматулло Пираков телефон аркылуу сүйлөшүп, чырды жөнгө салуу жана биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгилешти

Эскерте кетсек, Баткен районунун (Баткен облусу) Көк-Таш айылында 16-декабрь күнү тактала элек чек ара тилкесинде шарттуу чек ара кеткен чекке жакын жерде Тажикстандын жарандары тосмо тургуза баштаган. Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, ага каршы экенин билдиришкен. Эки өлкө жарандары ортосунда кайым айтышуу башталган.

Окуя жерине Кыргызстандын чек арачылары барып, Тажикстандын жарандарынан чек аранын такталбаган тилкесиндеги иштерди токтотууну талап кылган. Бирок алар чек арачылардын талаптарын аткаруудан баш тарткан.

Андан кийин, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басарынын катышуусу менен жолугушуулар өктөрүлүп, абал стабилдешкен.

Пикир

Оставить комментарий