• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чек арадагы атышуу. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү аяктады

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Баткен облусунун Эки-Таш жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөнүн УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

“Жолугушууда кыргыз тарап түнкү атышуу Эки-Таш жерлигинин Баткен-Исфара автожолунда Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан тутанганын жана алар Кыргызстандын жарандарынын унааларына таш ыргытышканын айткан.

Өз кезегинде, тажик тарап өздөрүнүн аскер кызматкерлеринин унааларга таш ыргытууга тиешеси жок экенин белгиледи. Тажик тараптын айтымында, алар белгисиз жарандар болгон жана аларды издөө иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү биргелешкен чек арадагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчыл аракеттерге жол бербөө тууралуу жана аны менен бирге тараптар мамлекеттик чек араны штаттык бирдик менен кайтарууну макулдашты.

11-март саат 12:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Эскерте кетсек, 11-мартта түнкү саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий