• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чек арадагы атышууда жараат алгандардын саны 121 кишиге жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. 17-сентябрь саат 14:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, чек ара чырынан жабыркагандардын саны 121 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жети жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабыркаган;

2. Лейлек БДБ - 35 жабырлануучу;

3. Кулунду БДБ - 3 жабырлануучу;

4. Сүлүктү БДБ - 6 жабырлануучу;

5. Улуттук госпитал – 21;

6. Улуттук хирургиялык борбор – 1;

7. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 6;

8. Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабыркаган.

Андан тышкары, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.

Пикир

Оставить комментарий