• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чек арадагы чатак: 13 адам жараат алды, үчөөнүн абалы оор

Ден соолук 0

Бишкек, 17.09.19 /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын жыйынтыгында 13 адам жараат алып, бир аскер курман болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн Лейлек райондук ооруканага 13 адам ар түрдүү жарааттар менен жаткырылган. Арасында 3 адамдын абалы оор. Алар кайра жандандыруу бөлүмүнө киргизилген. Калган он адамдын абалы орто, туруктуу. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик 1978-жылкы Равшан Муминов курман болду. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Жараат алгандардын арасында 12 жаштагы жаш баланын оң колуна жана оң далысына ок тийген. Бала шок абалда болуп, азырынча өзүнүн аты жөнүн айта албайт деп кабарланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн эртең менен Баткен облусуна барды, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий