• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чек арадагы чыңалуу: Саламаттык сактоо мекемелери жогорку деңгээлде даярдыкта турат

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга байланыштуу Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелери жогорку деңгээлде даярдыкта турат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Баткен облусундагы ооруканага чек арадагы окуядан жабыркап эч ким кайрылган жок", - дей айтылат маалыматта.

Буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий